ТАҢКЫ КЫРСЫК
Боз
түшкөн кыштын суугу, азабын алып келди,
Карайлап турган элим, жыгылбай буугун белди.
Чилденин сууга менен, өзөктү өрттөй турган,
Агарып таң да атпай, суук кабар жетип келди.
Уктаган
канча адам, көз ачпай кетти, өттү,
Ууртунан сүтү аккан, наристе учуп кетти.
Түн менен ажал аңдып, кыйратты бир айылды,
Кыргызды өрткө салып, арманын сээп кетти.
Жер
эне бир силкинип, чыңырып ыйлап турат,
Бей күнөө өткөндөргө, кайгырып жашы кулап.
Кыйраган жыгач таштар, жүрөктүн үшүн алса,
Ийилип чырпык сынды, өсө албай жашоо улап.
Табигат
көзүн ачпай, боз чалып буулуп турат.
Боз улан, секелеке боору ооруп жашы кулап.
Бойтойуп уктап жаткан, периште кете берди,
Бой жетип өсө албады, өмүрдү жашап улап..
Кыш
менен кыргын келип, кыргызым мөгдөп турат,
Токтобой көз жаштары, кабарын улам сурап.
Ажалга жаралганбы, ал учак катыгүн ай,
Арманды салып өттү, айылды кырып кулап..
Максаты,
үмүт тилек, жер менен жексен болду,
Аттиң ай, таң агарбай, элиме кайгы толду.
Ажалдан эч ким качып, тике да тура албайт,
Сабыр кыл кыргыз элим, берели колго колду